"Медет Садыркуловду өлтүрдү" деп соттолгон жарандын агасы баңгизат менен кармалды

"Медет Садыркуловду өлтүрдү" деп соттолгон жарандын агасы баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-сентябрь күнү Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү тарабынан 1980-жылы туулган С.А. аттуу жарандын жашаган жери текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында сарайдан 7 килограмм 614 грамм гашиш табылган.

Айта кетсек, Медет Садыркулов 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчиси кызматында иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен. Ал эми 2009-жылы 13-мартта өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектелгендердин бири Рустам Сайдиев сыртынан соттолгон. Учурда ал эл аралык издөөдө. Баңгизат менен кармалган С.А. Сайдиевдин бир тууган агасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан