Өлкөдө коррупциялык факт тууралуу билдирген адамдар сыйлана башташы мүмкүн

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамдарды сыйлоого жана укугун коргоого багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Демилгечи депутаттардын берген маалыматына караганда, бул мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик үлүшү бар ишканалар менен уюмдардын ичиндеги мыйзамсыз иш жөнүндөгү маалыматты билдирген адамдарды коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Анын башкы милдети жарандарды коррупциялык укук бузуулардын бетин ачууга, коррупцияга каршы аракеттерге жигердүү катышууга шыктандыруу, мыйзам чегиндеги жүрүм-турумду калыптандыруу болуп саналат.

Демилгечилердин бири депутат Аида Салянованын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамга паранын 30 пайызы сыйлык катары бөлүнүп берилет. Ошондой эле ал адамды 3 жылга чейин иштен бошотууга же башка кызматка которууга жол берилбейт. "Өкмөт бюджет тартыштыгы бар деген шылтоо менен бул мыйзам долбооруна карата терс пикирин билдирген. Бирок өзү тиешелүү чараларды сунуш кылган жок", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан