Өлкө башчыны "чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Расул Алимовго карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал №1-СИЗОдо камакта отурат.
Айта кетсек, 11-августта интернетте Р.Алимов орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан.