Бишкек-Ош унаа жолунда токтоп турган унаа белгисиз себептерден улам күйүп кетти

Бишкек-Ош унаа жолунда токтоп турган унаа белгисиз себептерден улам күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Кырсык бүгүн саат 14:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында болгон. Анда жолдун четинде турган жол тандабас белгисиз себептерден улам күйүп кеткен. Окуя болгон жерге Токтогул райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, өрттү өчүрүшкөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurkyz1977
2016-09-13 19:39:31
Кудай сакта
+1
Riokyrgyz
2016-09-14 14:30:55
Чычкан капчыгайында турган.жол аркы жагында.айнектнри жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан