Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмга жалдоо ишин жүргүзгөн эки аял соттолду

Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмга жалдоо ишин жүргүзгөн эки аял соттолду. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мохирахон Акимжанова жана Наргизахон Раимжонова материалдык пайда табуу максатында жаш кыздарды Сирия, Араб Республикасынын аймагына, эл аралык террористтик “Ислам мамлекети” уюмуна шахид катары жалдоо ишин алып барышкан.

"2015-жылдын апрель айында тергөөдө өздүктөрү аныкталбаган А. жана А.А. аттуу жарандар интернет-сайттары аркылуу И.М.Б. менен аны эл аралык террористтик уюмга шахид катары жалдоо үчүн таанышып, аны менен ар кандай мазмундагы диний темага байланыштуу болгон аңгемелешүүлөрдү тынымсыз жүргүзүшкөн. И.М.Бны Сириянын өкмөттүк аскерлерге каршы террористтик уюм тарабынан жүргүзүлүп жаткан акыркы аскердик согуштук аракеттер боюнча видеоматериалдар менен сүрөттөрдү жиберүү менен И.М.Бга карата аны эл аралык террористтик уюмга тартуу боюнча психологиялык таасир этүү аракеттерин жүргүзүшкөн. А. жана А.А. аттуу жарандар өз ойлорун ишке ашыруу максатында Р.А. жана анын эжеси Н.Раимжонова менен кылмыштуу тил бириктиришип, жаңы адамдарды жалдоо жана аларды “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмуна САРдын аймагына жөнөтүү үчүн акча каражаттарын жиберишкен. А. андан ары өзүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу максатында И.М.Бны М.Акимжанова менен Кыргыз Республикасынын паспортун жасоо жана авиабилет сатып алуу боюнча байланышуусун суранган, А. тарабынан Н.Раимжоновага которулган акча каражатынан каржыланган", - деп айтылат маалыматта.

М.Акимжанова өзүнө бөлүнгөн кылмыштуу аракеттерди аткаруу менен И.М.Бнын атынан Ош шаарындагы паспортту тез даярдоо бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын паспортун алуу боюнча тийиштүү документтерди тапшырып, 7,5 миң сом төлөп, И.М.Бнын атына паспорт алган.

"2015-жылдын 6-июлунда М.Акимжанова менен Н.Раимжонова Ош-Стамбул багыты боюнча 2015-жылдын 9-июлуна билеттерди сатып алышкан жана тергөөдө аныкталбаган адамдар аркылуу Ош нотариалдык округунун жеке нотариусу А.Т. аркылуу И.М.Бга анын ата-энесинин атынан кызы И.М.Бны Кыргыз Республикасынын аймагына Н.Раимжонованын күзөтүүсү менен чыгууга уруксат берүүчү макулдук арызын жасашкан. 9-июль күнү саат 03:00 чамасында М.Акимжанова, Н.Раимжонова, И.М.Б. жана башкалар менен биргеликте Ош шаарындагы эл аралык аэропортко келишип, "Ош" аэропортунун чек ара көзөмөлүнөн өтүшкөн. Н.Раимжонова Сирия, Араб Республикасынын аймагына өтүү максатында, ал жакта “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун тарабында катышып жаткан анын инисинин алдына барууну көздөп, эл аралык террористтик уюмдун идеяларын жана максаттарын колдоп, өзүнүн ноутбугунда халифат куруу идеяларын чагылдырган, жихадга үндөгөн диний мазмундагы видеоматериалдарды сактап келген", - деп айтылат маалыматта.

Соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, видеожазуунун ичинен 12 видеоматериал Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Өзбекстандагы ислам кыймылы”
террористтик-экстремисттик уюмуна жана 3 видеоматериал “Ислам мамлекети” террористтик-экстремисттик уюмуна тийиштүү экендиги аныкталган. Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 2-июнундагы өкүмү менен 1961-жылы Ош облусунун Араван районунда туулган, билими орто, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон, үй-бүлөлүү, беш баласы бар М.А.Акимжанова КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "жалданмачылык", "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаны аялдар үчүн абактарда өтөөсү белгиленген. Ал эми 1986-жылы Ош облусунун Араван районунда туулган, билими орто, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон, үй-бүлөлүү, 2 баласы бар Н.А.Раимжонова КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "жалданмачылык", "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренелери менен күнөөлүү деп табылып, компьютердик техникалардын бардык түрлөрүн пайдалануу укугунан ажыратуу менен 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаны аялдар үчүн абактарда өтөөсү белгиленген.

"Соттун өкүмү менен макул болбостон, соттолуучулар М.Акимжанова жана Н.Раимжонова апелляциялык даттануу келтиришкен. Жалал-Абад облустук сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 29-августундагы өкүмү менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2016-жылдын 2-июнундагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды. Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azizbek.kg8
2016-09-14 21:21:19
Барыле ала топучан туугандарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан