Бүгүн, 15-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Москва районундагы Ак-Суу, Беловодск айылдарында, Кара-Балта шаарынын Свердлов, Жданов көчөлөрүндө, Алексеевка айылынын Центральный, 8-Март көчөлөрүндө электр энергия менен камсыздандыруу токтотулат. Ошондой эле Орто-Сай айылынын Южная көчөсүндө, Арча-Бешик конушунун Кереге-Тоо, Кривоносов, Ахунбаев, Камбар-Ата көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.