Чүй облусундагы Москва районунун тургуну мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине Москва районунун 38 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз адам жайлоодогу 4 букасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иш-чаралары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Д.Э. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.