Зордуктады деген шек менен 1993-жылы туулган жаран кармалды
Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында 23 жаштагы кыз Бишкек шаардык ИИБге арыз менен кайрылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жабырлануучуну 6-ноябрь күнү кечки саат 9дар чамасында бейтааныш жигит унаасынын ичинен күч колдонуп зордуктап койгон. Укук коргоо кызматкерлеринин териштирүү иштеринен кийин 1993-жылы туулган Т.Э. зордуктады деген шек менен кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.