Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында сууга түшүп кеткен мас абалдагы адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-сентябрда саат 13:55те ӨКМнын 15-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары сууга түшүп кеткен мас абалдагы 1976-жылы туулган М.Төлөбек аттуу жаранды алып чыгышкан. Жабырлануучунун абалы жакшы экени айтылат маалыматта.