Ала-Арча капчыгайында сууга агып кеткен жаран табыла элек

Чүй облусундагы Ала-Арча капчыгайында июль айында сууга агып кеткен жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Ала-Арча капчыгайындагы Ала-Арча суусуна Алай районунун 1981-жылы туулган А.Замирбек аттуу тургуну агып кеткен.

"Куткаруучулар аталган жаранды издөө иштерин жүргүзүшүүдө, бирок натыйжа чыга элек. 2016-жылдын 13-сентябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 10 куткаруучусу издөөгө чыккан, бирок изделген жаран табылган жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан