Депутат: "Өлкөдө визаны жоюп салуу жана визаны алуу мөөнөтү өтө узарып кеткен. Казакстанда бекер эле берилет"

Жогорку Кеңеште "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, мыйзам долбоорунда виза, анын жарактуу мөөнөтү, бөлүштүрүү тартиби кыйла ырааттуу түшүндүрүлүп берилген. Талаш-тартыштарды жаратып келген визанын бирдиктүү стандарты өкмөт тарабынан бекитилет.

Талкуу жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев визаны жоюп салуу, визаны алуу мөөнөтү өтө узарып кеткенин, коңшу Казакстанда бекер эле берилип жатканын айтты.

Депутат Каныбек Иманалиев кытайлык кыргыздар Кыргыз мамлекетине келүүдө кыйынчылыктарга туш келип, нааразы болуп жатышканын айтты. "Тиешелүү кызматтар, кытайлык кыргыздарга кытайларга жасагандай мамиле жасап жатасыңар. Туура, кыргыз болсо да алар Кытайдын жараны, бирок жеңил кирип-чыгуу жактарын карашыбыз керек. Алар Ысык-Көлдү көрүүгө келишет", - деди Иманалиев.

Миграция кызматынын өкүлү визаны макулдашууга 10 күн кетерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан