Ноокат районундагы жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 07:20 чамасында Ноокат районунун Челекчи айылында болгон. Анда Дэу Ланос үлгүсүндөгү унаа менен Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
“Жол кырсыгынын кесепетинен эки айдоочу жабыркады. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, сайга түшүп кеткен унаанын айдоочусуна биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.