Эркин күрөш боюнча 7-Апрель окуясынын баатырларынын урматына карата өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

2010-жылдын 7-Апрель окуясында курман болгон баатырлардын урматына эркин күрөш боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Анда Эрбол Сагынбек уулу (24 килограмм), Мырза Жыргалбек уулу (26 килограмм), Айдинбек Мамытбек уулу (29 килограмм), Темирлан Болсунбек уулу (32 килограмм), Акбар Кенжебек уулу (35 килограмм) жана Кадыржан Кыргызбаев (38 килограмм) 1-орунду ээлешти. Айта кетсек, спорттук иш-чара Чүй облусунун Сокулук районундагы спорттук комплекстердин биринде өттү. Анда Кыргызстан менен Казакстандын 400дөй күрөшчүсү күч сынашты. Айта кетсек, мелдеш 12-13-апрель күндөрү болуп өттү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан