Жыл башынан бери өлкө аймагында катталган жол кырсыктарынан 567 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.
"Акыркы 8 ай аралыгында өлкө аймагында 3667 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 567 адам каза тапса, 5690 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Былтыр жыл ичинде 4418 жол кырсыгы катталып, 680 адам каза таап, 6621 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алган. Жол кырсыктарынын келип чыгышына көпчүлүк учурда айдоочулардын жол белгилерине маани бербегендиги, жол эрежелерин одоно бузуулары себеп болууда”, - дейт Тилек Оторов.