"Күйөөсүн жиликтеген" деп шектелген келиндин соту: Айыпталуучу күйөөсүн белгисиз адамдар өлтүргөнүн айтты

Бүгүн, 14-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин карады. Анда кылмышка шектүү Айдай Субанова сурак берип, тергөөдө берген көрсөтмөсүн өзгөрттү.

Ал сот отурумунда: “Ошол күнү балдар менен үйдө болчумун, эшик ачылып-жабылганынан ойгонуп кеттим. Коридорго чыксам бардык жер кан экен. Анан бычак көтөрүп, кара футболка кийген адам келди. Ал “күйөөңдү көрөм десең унчукпа, эртең адамдар келгенде алар айткандай кыл” деди. Биринчи эле балдарымды ойлоп, апамдын үйүнө кетип калгам. Кайра келсем бир нерсе издешкенби, айтор, үй чачык экен”, - деди.

Ошондой эле ал белгисиз аял пакеттерди берип, тиешелүү даректерге таштап келишин талап кылганын айтты.

Ал эми эмнеге мурда башкача көрсөтмө бергенин: “Алгач жактоочулар ушундай көрсөтмө беришимди сунуш кылышкан, бирок мен күйөөмдү өлтүргөн эмесмин. Башынан эле ошентип айтып келе жатам”, - деп түшүндүрдү.

Кийинки сот отуруму 23-сентябрда уланат.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун А.Субанова аттуу аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
Mirbek1993
2016-09-14 21:38:24
Пил чычкандан коркот.
+3
baltabaev
2016-09-14 22:02:07
Болушу мумкун,себеп жалгыз аялдын колунан келбейт го дейм
+1
Mercedes_94
2016-09-14 22:13:05
Байлыгы озуно душман болду, аялынын озу алы жана эрки жетпесе керек эле же байлык ушунчалыкка жеткизип коебу айтор билбеймин, куйоосу здоровый каратэ менен машыккан деп уккан жайым бар эледа.
+1
ilim07
2016-09-14 22:33:10
Давно камаш турмого омур бою кесилиш керек эле. Жактоочуларын да камаш керек тура эмес корсотмо бердиргени учун
+1
sher.ella
2016-09-14 22:52:31
Кантип олтургонун корсотуп берди элего
+2
Gulkin
2016-09-14 23:25:24
Уфф ушу биздин сот!!! Бир кылмышты бир жыл чече албай олушту го чоюп. Бул не деген сот озу. Башка олкодо ушундай болсо эчак эле чечип сотточусун соттоп актачусун актап коет эле
+5
incognito1
2016-09-14 23:44:40
"Арык экен, кантип кучу жетти, кантип олтурду" деп дооруй берсенер, бир жылдан бери жатып ойлонуп, мен олтурдум десем баарыбир элдер ишенбейт экен деп чыктыда бул дагы. Озу эле олтургон. Кайненеси "балам бир келиндин колунан оло турган эмес эле, аны даары берип уктатып, олтургон болуш керек" деген. Олтурбогон адамды, кандай "олтурдум" деп мойнуна алат? Жолдошу жан берип жатканда "за что, алтыным?" деп айтты деп корсотмо берди элего. Эми балдарын ойлоп жата
+5
sabira.199890
2016-09-15 00:21:12
Биз уктук эле да бирок точно дей албайм, ХХХ ХХХ ХХХ деп уккан элек.
0
incognito1
2016-09-15 00:38:39
sabira.199890, мэ сага башталды эми. Озу эле олтургон. Ойношу болсо уйуно чакырмак беле ойношун. Гостиницадан коп нерсе жок. Ошол куну жолдошу бир таанышынын уйундо конок болуп, плов жеп келген экен. Келип ошол таанышынын жубайы жасаган пловту сонун болуптур, эмнеге сен жазасан каша болуп калат деп кемсинтип, урушуп кетишип, вроде жолдошу кол которгонбу, же буту менен тебип жибергенби точно эсимде жок, бирок озу мени "тамак жасаганды билбейсин" деп унижать этти деп корсотмо берген.
+2
admin_portal
2016-09-15 10:06:33
sabira.199890, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтыруудан алыс болуңуз!
0
jergez
2016-09-15 00:31:23
Кудайга койдум,мындан да шек санап башты оорутпай. Кудай коруп турат баарын
+3
karakchyyy
2016-09-15 03:17:07
Камила бойунча жазгылачы админ анын иши не болду тынчып кеттиго
+1
Akmatbaev
2016-09-15 04:56:21
Ошол адамдардын фотороботун тартышпайбы на то пошло, же анчалыкка жетише элекпизби?
+2
lu4ik
2016-09-15 09:28:46
бироону гыйбат кылып куноосун мойнунарга албагыла, Аллахым баарын коруп турат....
+2
manachaka
2016-09-15 10:58:45
Аллах знает всё что было. И всегда смотрит Аллах
0
esmanur
2016-09-15 10:58:58
Кайненеси " Келиним ошол окуядан мурун мен келгенде адамдарды жиликтеген кытай кинолорун корот экен, мени да корунуз деген" деп айтты деп жазылган эле кабарларда. Келиндин катышы бар болсо керек.
+1
Nariza
2016-09-15 13:37:02
Аллах озу жардам берсин олтурду олтурбоду дегенде эмне. Эми байкуш кыздын чыгышы кыйын го. Башындда айтыш кк да. Азыр ким кубо болоалат озунон башка.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан