КРнын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан
Баяман ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы
билдирет. Тиешелүү жарлыкка 12-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол
койду. Эске сала кетсек, Нурлан Баяман аталган кызматка 2012-жылдын
3-февралында дайындалган.