12-апрелде 2012-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын талкуулаган өкмөттүн жыйынында вице-премьер-министр Камила Талиева бардык социалдык тармактагы министрликтерди негизсиз жана жөнү жок сындады. Анын сынына кабылбаган өзү башкарган бир да социалдык мекеме калган жок. Мындай билдирүүнү КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады жана Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов вице-премьер-министрдин сындарына өз пикирин билдирди. "Мен кошулам, учурда чечилбеген көптөгөн социалдык көйгөйлөр бар жана эл бизден алардын чечилишин күтүп жатат. Ошону менен бирге социалдык тармактагы көйгөйлөрдү чечүү түздөн-түз республиканын экономикалык абалынан, бюджеттик мүмкүнчүлүгүнөн жана бардык министрликтердин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын так, бири-бири менен айкалышта иштөөсүнөн көз каранды. Бул иштер вице-премьер-министр Камила Талиеванын милдети болуп саналат. Ал өзү башкарган министрликтерге жана мекемелерге карата социалдык маселелерди чечүү тууралуу багыт көрсөтпөстөн, бир гана далилсиз сындарды айтканы мени абдан өкүндүрөт. Камила Талиева мындай билдирүүсү менен социалдык тармакты башкара албастыгын көрсөттү жана менимче, өзүнүн ишине баа берип койду”,- деди Кылычбек Султанов.