Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Борбор калаадагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 60 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан