Депутаттар электр энергиясынын тарифин кайра мурдагы калыбына келтирүү зарыл экенин айтышты

Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында электр энергиясынын тарифин кайра мурдагы калыбына келтирүүнү сунуштап чыкты. Анын пикиринде, элдин абалы оор болуп жаткан учурда электр энергиясынын баасын төмөндөтүү керек.

"2015-жылы кыш мезгилине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан, электр энергиясынын тарифи өзгөртүлүп, 700 киловатт-саатка 77 тыйындан, андан ашкан кубаттуулукка жогорулатылган баа коюлган. Быйыл Токтогул суу сактагычында жетиштүү суу болду, электр энергиясынын тарифин кайра мурдагы калыбына келтирүү зарыл. Азыр калкыбыздын социалдык-экономикалык абалы кыйла кыйын абалда турат. Өлкөнүн экономикасы анчалык жакшы эмес. Ошондуктан электр энергиясынын наркын жеңилдетип берсек, калкка жакшы болмок, анткени алардын күнүмдүк турмушунда электр энергиясынын мааниси чоң. Эл дагы ушуну талап кылууда", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан