Баткен районунун тургуну ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин маалыматына караганда, милиция кызматкерлери тарабынан аталган райондун Кыштут айылында тургундун үйү текшерүүгө алынган. Анда ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана ок-дарылар табылган. Учурда курал баллистикалык экспертизага берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгынан соң процессуалдык чечим кабыл алынат.