Ошто өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенген 23 жаштагы кыз ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Ош шаарындагы конуштардын биринин 1993-жылы туулган Г.Гүлбахар аттуу тургуну өз үйүндө белгисиз жагдайда, миздүү нерсе менен мойнун кесип салган. Окуя болгон жерге барган дарыгерлер жабырлануучуну облустук ооруканага жаткырышкан. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.