Бүгүн, 15-сентябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев КТРК телеканалынын башкы директору Илим Карыпбековдон маалыматты эки тараптуу берүүнү талап кылды.
"Мен Илим Карыпбековго кайрылат элем. Окуяларды чагылдырууда эки тараптуу кылып бер. Сен Бакиевдин жанында жүрүп, аман калдың. Учурда Атамбаев менен жүрөсүң. Эгер эки тараптуу кылып чагылдырбасаң, аман калбайсың", - деди Текебаев.