Чет өлкөдөн каза болгон мекендештердин сөөгүн алып келүүнү авиакомпанияларга милдеттендирүү сунушталды

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо боюнча маселелерди көтөрүп чыгышты.

Депутат Зиядин Жамалдинов чет өлкөдө куру доомат менен соттолуп кетип жаткан кыргыз жараны боюнча бир мисалга токтолуп, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытында Миграция кызматынын макамын көтөрүү керектигин билдирди. Депутат Кубанычбек Нурматов чет өлкөдө каза болгон мекендештердин сөөгүн (Жүк-200) алып келүүнү авиакомпанияларга милдеттендирүү маселесин койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан