14-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында бильярддын снукер түрү боюнча өткөн Орусия Кубогунун 3-туру жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык Кубанычбек Сагындыков 2-орунду ээледи. Айта кетсек, мелдешке Кыргызстандан 2 жана Орусиядан 24 бильярдчы катышкан. Ал эми мекендешибиз Ызатбек Ратбеков жеке мелдеште Ильдар Шарипов менен беттешип, утулуп калып, жуптар арасындагы 3 мелдеште эки жолу утуп алган.