Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Тынчтык Шайназаровдун ("Өнүгүү-Прогресс"), Асел Кодуранованын (КСДП) талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун түрдө добуш берилди. Убактылуу түзүлгөн эсептөө комиссиясы берилген добуштарды эсептеп чыгып, Кодурановага 72, Шайназаровго 46 депутат "макул" деп добуш бергенин жарыялады. Анын жыйынтыгына ылайык, депутаттар көп добуш алган талапкер Кодуранованы комитеттин төрайымдыгына бекитишти.