Иса Өмүркулов Алмазбек Атамбаев үй салып жаткан жер Албек Ибраимовго таандык болгонун айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылына салып жаткан үйдүн 27,15 гектарга барабар жер тилкесин Бишкек мэри Албек Ибраимовдон алганын "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирген. Андан көп убакыт өтпөй эле КСДПнын лидери Иса Өмүркулов Атамбаев жер тилкени Ибраимовдун үй-бүлөсүнөн мыйзамдуу түрдө сатып алганын айтып чыкты. Өмүркуловдун айтымында, жердин аянты 27,15 гектар эмес, 2,5 гектар. "Белекке алган деп түздөн-түз каралап жатат. Атамбаев акчага сатып алган", - деди ал.

Текебаевдин айтымында, жер "Дастан" ачык акционердик коомуна таандык болуп, кийин 2008-жылы Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер болуп турганда Анарбек Укуев дегенге катталган. 2010-жылдан кийин башка тараптарга катталып, 2015-жылы 7-майда мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимованын атына катталган. Андан кийин 12-майда Алмазбек Атамбаевдин наамына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан