Оштогу "Шахрух" кафеси өрттөндү

Бүгүн, 15-апрелде саат 05:00 чамасында Ош шаарындагы “Шахрух” кафесинен өрт чыкты. Тилсиз жоонун натыйжасында аталган кафе толугу менен күйүп, ага жакын жайгашкан имараттар да зыянга учурады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, кафеге жакын жайгашкан турак үй жана “Гром” күзөт агенттиги зыян тартты. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына кафеде газ баллондун жарылуусу себеп болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан