Борбор калаада уурулук фактысына шектелип шаар тургуну кармалды

Борбор калаада уурулук фактысына шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь күнү милицияга арыз менен 60 жаштагы О.Ж. аттуу жаран кайрылган. Анда ал август айында саат 10:30 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн эшигинин кулпусун сындырып, үйүнүн ичинен кара түстөгү сумкасын, 9 миң рубль, 18 миң сом, айдоочулук күбөлүгүн жана жарандык паспортун уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 30 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалды. Азыркы учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан