Венесуэлада өткөн президенттик шайлоодо Николас Мадуро жеңишке жетишти

14-апрелде Венесуэлада кезексиз президенттик шайлоо болуп өттү. Эл аралык "Reuters" агенттигинин маалыматы боюнча президенттикке талапкер Николас Мадуро шайлоочулардын 51 пайыз добушун алуу менен жеңүүчү аталды. Ал эми анын атаандашы Энрике Каприлес шайлоочулардын 49 пайыз добушун алды. Азырынча атаандаш тарап бул жыйынтык боюнча расмий билдирүү жасай элек. Бирок шайлоо өтүп жаткан күнү оппозициячыл талапкер Энрике Каприлес өзүнүн интернет баракчасына бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого аракет жасап жатканын жарыялаган. Айта кетсек, бул кезексиз президенттик шайлоо өлкөнүн мурдагы башчысы Уго Чавестин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу болду. Чавес 2012-жылдын октябрь айында 6 жылга президент болуп шайланып, бирок рак оорусунун айынан 2013-жылдын март айында көз жумган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан