Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик, пенсиялык, социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун добуш берүүдө колдогон жок. Мыйзам долбоору өкмөт тарабынан сунушталган.
Социалдык фонддун берген маалыматына караганда, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" мыйзамда пенсиялык камсыздандыруу маселеси боюнча кайрылган жарандарга 30 жумуш күнүнүн ичинде жооп берилүүгө тийиш. Ал эми “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамда 15 күндүк мөөнөт каралган. Ошондон улам 15 күндүк мөөнөт 30 күн менен алмаштырылып, эки мыйзамды шайкеш келтирүү каралган.
Демилгеге талкуу учурунда айрым депутаттар каршы пикир айтышкан. Депутат Аида Салянова: "Бул мыйзам долбоору аркылуу кайрылууга жооп берүү күнүн кыскартуунун ордуна узартып жатабыз. 30 жумушчу күндүн ичинде жооп бериш керек болсо, 40 күндөн ашык убакытты алып жатат", - деп айткан.