Ош шаардык cотунун судьясына кылмыш иши козголду

Ош шаардык сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун судьясы К.М. “пара талап кылуу” беренеси боюнча айыпталууда.

Аталган судья “ПЦАР” коомдук фондунун директорунан акча талап кылып, каралып жаткан ишти анын пайдасына чечип берүүнү убадалаган. Атайын жүргүзүлгөн оперативдүү иш-чаранын негизинде ал 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shef87
2016-09-15 22:05:04
кармаганы да кармалганы да пара талап кылат эми ХХХ
+1
admin_portal
2016-09-16 09:49:32
Shef87, этика нормаларын сактаңыз!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан