"Кыргызстанда суу менен жабдуу жана санитария тармагын өнүктүрүү стратегиясы апрель айынын аягына чейин иштелип чыгат". Бул маалыматты өкмөттүн алдындагы Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү агенттиги 15-апрелде билдирди. Акыркы жылдары суу менен жабдуу тармагында максаттуу багытталган мамлекеттик саясаттын зарылчылыгы жөнүндө маселелер донорлор тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдөгү 2 миң айылдын жарымынан көбү таза сууга жетпей, жергиликтүү тургундар сууну ачык көлмөлөрдөн, арыктардан алып пайдаланышууда.