Оппозиция бийликтен референдумга даярдыкты токтотууну талап кылууда

Оппозициялык кыймыл өлкөнүн бийлигинен референдумга даярдыкты токтотууну жана Конституцияны 2020-жылга чейин киргизилген мораторий жокко чыгарылмайынча өзгөртпөөнү талап кылды.

"Саясий жана коомдук уюмдардын, Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрүнүн нааразычылыгына карабастан, бийлик эч кандай коомдук угууларды жүргүзбөй, "Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр иштелип чыкты" деп, 4-декабрда референдумду өткөргөнү жатат. Эгер бийлик оппозициянын талабын аткарбаса, анда "Жогорку Кеңеш президентке ишенбөөчүлүк жарыяласын" деген талап коёбуз. Эгер депутаттар мындан баш тартышса, жарандык активисттер парламенттин 6-чакырылышынын жоюлушун талап кылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бийликтен коомдук пикирди башка жакка бурууну, депутаттарга басым көрсөтүүнү, кримчөйрөнүн адамдары аркылуу саясий маселелерди чечүүнү токтотууну талап кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан