Өмүрбек Текебаев: "Атамбаев үй салып жаткан жер тилкесинин сатылуусунун мыйзамдуулугун текшертебиз"

Алмазбек Атамбаевдин үйү салынып жаткан жер тилкеси боюнча талкуу "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында бүгүн дагы уланды. "Жер тилкесин менчиктештирип алууга Максим Бакиевге революция тоскоол болсо, Алмазбек Атамбаевге Убактылуу өкмөт тоскоол болгон", - деп айтты "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, Максим Бакиев 2007-жылы сөз болуп жаткан жер тилкесине ээлик кылып турган "Дастан" ишканасын башкарууга Ширшовду алып келсе, Алмазбек Атамбаев 2011-жылы азыркы мэр Албек Ибраимовду алып келген. Ишкана башчылыгына өзүнүн кишилерин алып келүү жолу менен жер тилкесин менчиктеп алуу максатын ушундай ишке ашырышкан.

"Убактылуу өкмөттүн декрети менен Максим Бакиевдин "Дастан" ишканасындагы 51,5 пайыз үлүшү мамлекетке өткөн. Ошону менен мүлк Бакиевдердики эмес, Кыргыз мамлекетиники болгон. Максим Бакиев Ширшовду 2007-жылы "Дастанга" алып келип, бир жылдан кийин Атамбаев үй салып жаткан жер сатылып жатат. Атамбаев 2011-жылы "Дастанга" Албек Ибраимовду алып келген. Ибраимов келгенден бир жылдан кийин жер кайрадан сатылып жатат. Эми биз жердин сатылышы боюнча мыйзамдуулугун текшертебиз", - деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан