Бүгүн, 16-сентябрда Свердлов райондук сотунда өлкө башчыны "чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жарандын иши каралды.
Сот отуруму башталып, ишти карап жаткан судья айыпталуучу Расул Алимовго анын жактоочусу кайда экенин сурады. Алимов ага жактоочу берилгенин айтып, бирок ал анын укуктарын өзүнүн жактоочусу коргоону каалай турганын билдирди. Судья жактоочу жок сот иши каралбастыгын айтып, эмки соттук кароону 20-сентябрга дайындады.
Айта кетсек, 11-августта интернетте Р.Алимов орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан. 43 жаштагы Расул Алимовго карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголгон.