Сан-Марино шаарында бүткүл дүйнөлүк чет элдик кыргыз диаспораларынын 2-форуму өттү

11-апрелден 14-апрелге чейин Италиядагы Сан-Марино шаарында бүткүл дүйнөлүк чет элдик кыргыз диаспораларынын 2-форуму өттү. Иш-чараны кыргызстандыктардын “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмеси уюштурган. Бул тууралуу КРнын Германиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Форумдун негизги максаты – дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспораларынын башын бириктирүү, тажрыйба жана пикир алмашуу. Иш-чарада КРнын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев сөз сүйлөдү. Форумга Европа, Америка жана КМШ өлкөлөрүнөн кыргыз диаспораларынын 100дөн ашуун өкүлү катышып, кыргыз мигранттарынын өз ара мамилелери, ар кандай тармактарда жардамдашуу маселелери талкууланды. Ал эми бүткүл дүйнөлүк кыргыз диаспораларынын кийинки, 3-форумун Орусиянын Москва шаарында өткөрүү сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан