Бүгүн, 16-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын кезектеги жыйыны болуп, анда эки маселе каралды. Алгач Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан "Дастан" ишканасынын көмөкчү чарбасына тиешелүү жер аянтынын менчиктелиши жөнүндө учкай маалымат берди. Андан соң "Манас" Эл аралык аэропорту" коомунун башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев "Манас Менеджмент Компанинин" борттогу тамак-ашты даярдоо боюнча цехин "Манас" Эл аралык аэропорту" коомуна алуусу боюнча маалымат берди.
Депутаттар бул жаатта түшүнүксүз жагдайлар бар экенин белгилеп, "Ата Мекен" фракциясы жакынкы аралыкта "Манас" аэропортунун иши менен таанышып келүүгө макулдашышты.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында Бишкектин учурдагы мэри Албек Ибраимовго байланыштуу бир нече фактыларды атап өткөн. Маалыматта айтылгандай, Албек Ибраимов "Манас" Эл аралык аэропортунда иштеп турганда 2 миллион долларга бааланган "Манас Менеджмент Компани" биргелешкен ишканасын мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 миллион долларга сатып алган.