Владимир Путиндин Кыргыз жерине келүүсү кечеңдеп жатканына байланыштуу КМШ саммити эки саат артка жылдырылды

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектин четиндеги "Ала-Арча" резиденциясында КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт. Саммиттин башталышы саат 16:00гө белгиленген, бирок Орусиянын президенти Владимир Путиндин кечигип келүүсүнө байланыштуу жыйын саат 18:00гө жылдырылды. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараттынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чараны чагылдырууга 283 журналист чакырылган. Алардын 175и чет элдик ММКлардын өкүлдөрү.

КМШ саммитине Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышары белгилүү болгон. Отурумга Молдовадан премьер-министр, Өзбекстандан тышкы иштер министри, Түркмөнстандан биринчи премьер-министр, Украинадан элчи катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан