Бишкекте Ачык коом фонддорунун "Жаштар демилгелери" программасы менен "Сорос- Кыргызстан" фондунун Жаштар программасы “Жаштар үчүн чакан гранттар" аттуу сынак жарыялоодо. Сынактын максаты – өздөрүнүн теңтуштарына таасирин тийгизе ала турган жана аларды үгүттөй ала турган жаштарга колдоо көрсөтүү менен түрткү берүү. Андай активдүү жаштарды өлкөнү өнүктүрүү иш-чараларына катыштырууга жардам берүү да негизги максат. Сынакка 14 жаштан 28 жашка чейинки бардык кыргызстандык жарандар катыша алышат. Анда негизинен бюджети 200дөн 2 миң долларга чейинки, социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатындагы долбоорлор ат салышат. Долбоорлорду кабыл алуу 15-апрелден 25-майга чейин жүргүзүлөт. Сынакка катышууну каалагандар yaf.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги менен байланышса болот.