"Атанын керээзи" тасмасынын "Оскарга" талапкерлигин жиберүү аракеттери көрүлүп жатат

"Бир улуттун кемчилигин, улуттук баалуулуктарын басынткан тасмалар эл аралык фестивалдарда баш байгеге илинет" деген түшүнүк туура эмес. Монреаль шаарындагы кинофестивалда "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган "Атанын керээзи" тасмасы кыргыз элинин маданий мурасын сактоого жана жайылтууга, ата салтын даңазалоого багытталган", - деп билдирди бүгүн, 16-сентябрда аталган тасманын режиссёру Бакыт Мукул маалымат жыйынында.

"Элүү жыл мурун кыргыз элинин пейили башкача эле. Эшигин бекитчү эмес, жөн гана жип менен байлап коюшчу. Бул деген "үйдө эч ким жок" дегенди билдирчү. Биз жогоруда аталган тасмада майда эпизоддор аркылуу кыргыз элинин ушундай айкөлдүгүн, кең пейилдигин, меймандостугун көрсөттүк. Кыргыз элинин баалуулуктарын басмырлаган тасмалар сыйлыкка илинет деген туура эмес. Тасмада миграция, адамдардын туулган жерин, үй-жайын таштап башка жакка кетип жаткан көйгөйлөрүнөн сырткары элдин жумшактыгы, салтынын мыктылыгы, бекемдиги көрсөтүлгөн. Учурда дагы башка фестивалдарга чакыруу түшүп, "Оскарга" талапкерлигин жиберүү аракеттери көрүлүп жатат", - дейт Бакыт Мукул.

Белгилей кетсек, "Атанын керээзи" толук метраждуу тасмасы бүткүл дүйнөлүк "А" класстагы Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда дебюттар арасында "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган. Мындай сыйлыкты буга чейин кыргыз киносундагы бир да тасма алган эмес. Аталган тасмада башкы ролдорду Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойношкон.

Сценарийге ылайык, Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргыз жерине алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын катышуучусу да болот. Улам барган сайын Ата Журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей, арсар ойдо калат...

Кыргыз жеринде "Атанын керээзи" тасмасынын бет ачары ноябрь айында өтөрү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Turadi
2016-09-16 17:41:56
Ийгилик
+3
Azizbek.kg8
2016-09-16 19:39:50
Французский кыз ойногонбу.ошол кинобу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан