Араванда кызганычтан улам аялынын таанышын бычактап качып кеткен жаран кармалды

Араван районунда кызганычтан улам аялынын таанышын бычактап качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 11-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында болгон. Анда Араван районунун тургуну 1987-жылы туулган И.А. кызганычтан улам аялынын Мухаммед аттуу таанышын бычактап качып кеткен. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Revolyutsiya
2016-09-16 16:11:05
Эгер аялы менен "кармап" алса демек туура эле кылыптыр...
+13
Lui
2016-09-16 16:36:42
Revolyutsiya,
Кызганычтан улам деп турат...кызганыч менен кармап алуунун айырмасы өтө чоң го. Анан да кармап алган шартта да закондуу чечишип алсын ЭРКЕК болсо. Кызык, чон муштумун көтөрүп койсо эле БААТЫР ЭРКЕК дей салгандардын тушунугунө таң калам да!
-5
modem4999
2016-09-16 16:58:55
Lui,кызганыч жонундо да закон барбы?
+1
Revolyutsiya
2016-09-16 17:09:19
Lui, Биринчиден "ЭГЕР" деп жазылып турат, макалада толук жазылбаганы учун "эгер....болсо" деп жаздым... Экинчиден суйгон кызы тууралуу башка эркектер менен мушташса "эркекчилик" деп туура тушунулот. Ал эми аял тууралуу анын куйоосу менен ойношу мушташса эч ким аны "эркекчилик" деп кабылдабайт. Эгер куйоосу аялын ойношу менен зына кылган жеринен кармап алып экоону тен олтуруп салса, баары болбосо да копчулук туура кабылдайт...
+2
shankol88
2016-09-16 17:30:45
Revolyutsiya,Сизге100% кошулам.туппа туура айтасыз.
+1
djigit90
2016-09-17 08:25:34
Lui,тунку саат 22:00 деп турат. Эмне сен менин аялымы тааныйсын деп бироонун уйуно барып бычактайт беле ойлонсон кичине
-1
souza.j
2016-09-16 16:33:39
Эркек экен
+2
Gena1
2016-09-17 23:06:02
Жараткан озу кечирсин. Бирок, аялы ошончолук кызганычка жеткирбей, жолдошун сыйлап журсо болмок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан