Кыргызстанда дипломаттар киреше салыгынан бошотулат

Кыргызстанда дипломатиялык мекемелердин кызматкерлери киреше салыгынан бошотулат. Мындай демилгени бүгүн, 15-апрелде ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутаттар көтөрүп чыгышты. Демилгечилердин айтымында, киреше салыгы бюджетке кошулбагандыктан, дипломатиялык кызматкерлерди төлөмдөн бошотконго болот. Профилдик комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев, дипломатиялык кызматкерлердин айлык акысы төмөн экендигин айтып, алардын маянасынан айына 10 пайыз киреше салык кармала тургандыгын айтты. Жыйынтыгында депутаттар бул сунушту колдоого алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан