Бүгүн, 15-апрелде оор атлетика боюнча Азия федерациясынын башкы катчысы журналисттер менен жолугушуу өткөрдү. Ал өз сөзүндө оор атлетика боюнча Азия чемпиондугун быйыл Бишкекте өткөрүү пландалып жатканын айтты. “1-8-июлда Кыргызстанда Азия чемпиондугун өткөрүү тууралуу Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын президенти менен келишимге кол койдук. Көп жыл мурда биз Казакстан, Өзбекстан менен келишим түзүп, алар да оор атлетика боюнча көп жеңиштерге жетишкен. Эми Кыргызстанда да мындай ири масштабдагы мелдештерди өткөрсөк, Кыргызстандын желеги көп жолу желбирейт”,- деди ал. Айта кетсек, аталган спорт түрү боюнча Азия чемпиондугуна 44 өлкөнүн спортчулары катышмакчы.