Венесуэланын президенттигине талапкер Энрике Каприлес шайлоонун жыйынтыгына макул эмес
Белгилүү болгондой, 14-апрелде Венесуэлада кезексиз президенттик шайлоо өттү. Ага оппозиция тараптан талапкер болуп чыккан Энрике Каприлес шайлоодо утулганын моюнга албай турганын бүгүн, 15-апрелде айтып чыкты. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, шайлоодо анын атаандашы Николас Мадуро шайлоочулардын 51 пайыз добушун алып, ал эми Каприлес шайлоочулардын 49 пайыз добушуна ээ болуу менен утулуп калды. Бирок оппозиция тарап шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептейт. "Бүгүн эң башкы жеңилүүчү сенсиң. Эл сени сүйбөйт",- деди Каприлес атаандашынын дарегине. Айта кетсек, кезексиз президенттик шайлоо Венесуэланын мурдагы президенти Уго Чавестин март айында дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу өттү.