Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен 81 жаштагы улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-сентябрь күнү саат 09:50 чамасында Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларына Түштүк-2 кичи районундагы үйлөрдүн биринде батирдин эшиги жабылып калып ачылбай жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган куткаруучулар батирдин эшигин ачып, үйдүн ичинен 81 жаштагы аял кишинин жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.