Оор атлетика боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү үчүн Бишкектеги Спорт Ордосу оңдолууга тийиш

Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте оор атлетика боюнча Азия федерациясынын башкы катчысы Али Моради журналисттер менен жолугушуу өткөрүүдө. Ал Бишкектеги спортзалдарынын абалына токтолуп, буларды айтты. "Бишкек шаарындагы айрым спортзалдары аябай эски, имараттарды жаңыласа, оор атлетикага кызыккандар көп болмок. Быйыл оор атлетика боюнча Азия чемпиондугун Бишкекте өткөргөнү турабыз, бирок мелдеш өтө турган жер да талапка ылайык болбой жатат. Менин оюмча, 2 айдын ичинде ал жердеги көйгөй оңолот деп ойлойм". Айта кетсек, аталган спорт түрү боюнча Азия чемпиондугу биринчи жолу Кыргызстанда өтүп, ал Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алары белгилүү болду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан