Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынын өткөрөт. Анда "Ата Мекендин" лидери учурдагы кырдаал боюнча өзүнүн пикирин билдирип, ага объективдүү баа бермекчи. Жыйын саат 14:00дө башталат.
Айта кетсек, буга чейинки маалымат жыйынында Ө.Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайы салынып жаткан жер убагында Максим Бакиевге таандык болгонун ачыкка чыгарган.