Екатеринбург-Бишкек темир жол каттамындагы поездден 2 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-сентябрь күнү чек арачылар “Кыйыңды темир жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында Екатеринбург-Бишкек каттамындагы поездди текшерүүгө алышкан. Анда поезддин 5-вагонунан 2 килограмм 5 грамм баңгизат табылган.
“Бул боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, алынган марихуана аймактык милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.