Сокулук районунда 48 жаштагы жаран 1 тоннадан ашык көлөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында 48 жаштагы Т.Ю. аттуу Комсомол айылынын тургунунун үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү иштеринин алкагында аталган жарандын үйүнөн жалпы салмагы 1 тонна 170 килограмм 778 грамм салмакты түзгөн марихуана алынган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.