Бишкектеги зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга жардам көрсөтүүчү борбор быйыл жергиликтүү бюджеттен каржыланат

"Бишкектеги зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга жардам көрсөтүүчү борбор быйыл жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Аны иштетүүгө 1 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт". Бул тууралуу КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бул борборду 2011-жылы декабрь айында аталган министрлик менен ЮНИСЕФ биргеликте ачкан. Ошондон бери борборго жалпы 230 бала жардам сурап кайрылып, алардын 20сына укуктук жардам көрсөтүлсө, 67си психологиялык реабилитациядан өткөн. Ал эми 63 балага социалдык жардам берилген.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан